«Новопокровка айылын электр энергиясы менен камсыздоо долбоору»

Демилгечиси жана башкы аткаруучу: ОО «Элсен», Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борбору Чүй облусу Кант ш.(ЭКУКБ)

Каржылык колдоо: Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Великобританиянын эл аралык өнүктүрүү Министрлигинин (DFID) жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан Биргелешип Башкаруу Программысынын алкагында ишке ашырылды

Масалени баяндоо: Чүй обласынын, Логвиненко айыл өкмөтүндөгү Новопокровка айлынын жаңы конушунда 498 айыл үйү үч жыл бою электр энергиянын тармагына кошулган эмес. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара катнаштын жоктугунан, каржылык мүмкүнчүлүктөрү жана мыйзам кемчиликтери, ошондой эле ченемдик укук актылардын жана электр менен камсыз кылуу системасында жетишпегендик жарандар тарабынан нараазычылыгын жогорку даражасына алып келди.

Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иш сапарындагы жаңы конуштун тургундары менен болгон көптөгөн жолугушуулар, абалды терең изилдөөдө жаңы конуштарда электро энергия менен камсыз кылуусу эң актуалдуу суроолордун бири экендигин көргөздү

Долбоордун натыйжалары:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана жаңы конуштун тургундары биригип 203 зым карагай орнотушту.
  • Электро энергия тармагы орнотулду
  • Атайын даярдоодон өткөн демилгелүү топ укук коргоо ыкмаларын үйрөнүп бүгүнкү күндө маселерин чечүүнүн башка жолу катары, бийликтин жергиликтуу жана борбордук өкулдору менен биргелешип иштоодо.
  • Демилгелүү топтун аракетинин натыйжасында "Демилгелуу Аракет" деген коомдук бирикмеси пайда болду
  • Айылдык, райондук жана облустук башкаруу, энергетикалык компаниялар, ЖКтин депутаттары, жарандык коом жана жергиликтүү жашоочуларынын ортосунда натыйжалуу диалогу үчүн шарттар түзүлдү.
  • Жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талдоонун негизинде электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборунун эксперттери менен бирге аналитикалык маалымдамасы чыкты. 
  • Изилдөөлөр жана сунуштар  парламенттин 2-окуусунун денгээлинде турган парламенттик топтун мыйзам чыгаруу демилгесине негиз катары кызмат кылды.
  • Долбоор « Түндүкэлектро »ААК, Чүй обладминистрация жана Энергетика жана Өндүрүш министирлиги ортосунда уч тараптуу меморандумга кол коюусуна салым кошту. 
  • Жаңы конуш электр энергия тармагына толук эмес камсыздалган, бирок кошуулары улантылууда.

Долбордун Маалымат каражаттарында чагылдырусу: http://cso-central.asia/dostup-k-elektrichestvu-v-novostrojkax-issyk-atinskogo-rajona/

«Кыргызстандын түштүгүндө көмүр ишин ачыктыгын жогорулатуу»

Демилгечиси жана башкы аткаруучу: «ЮНИСОН»КФ

Каржылык колдоо: Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 

Баяндоо: Өлкөнүн түштүгүндөгү өндүргөн көмүрдүн баасы сезондук жогорулоосу түрдүү дэңгээлдеги талкууга себеп болду. Бул тармак региондогу сезондук баасы өзүнөн-өзүн чоң өзгөрүүлөрү байкалган. Ошол эле убакытта расмий мамлекеттик ишканалар, монополияга каршы комитет керектөөчүлөрдүн жана негизги берүүчүлөрдүн пайдасына бааларды жөнгө салуу мүмкүн болбой келген. Ошондой эле кайсы кен иштеп жатканы дагы белгисиз болучу.
Бул багыттагы ачык-айкындыктын жоктугу көмүр жана башка энергетикалык ресурстарды баасынын жогорулашы менен көмүр керектөөчүлөрдүн көпчүлүгу үчүн актуалдуу маселеге айланды.

Натыйжалар:

  • Биринчи жолу көмүр сатуу бардык аймактык пункттарда ошол эле учурда бааларынын мониторингин жүргүзү башталды
  • 20 журналисттер жана маалымат каражаттары үчүн пресс-тур уюштурулду. Бардык катышуучулар макалалардын, видео тартуу, үн алгы берүүсү аркылуу реалдуу көрүнүшүн чагылдырды
  • Көмүр кендерин Ош шаарында Жаратылыш Ресурстар Институтунун Окумуштуулары көмүрдүн сапатын изилдеди.
  • Эки тегерек стол өткөрүлүп, аймактагы жөнгө салуучу мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл аралык уюмдар катышышты.
  • Долбоордун демилгеси аркасында монополиянын жөнгө салуу боюнча Экономика министрлигинин ичиндеги мониторинг бөлүмү иштеп баштады.
  • Бишкек ЖЭБге сатылып алынып жаткандагы көмүрдүн коррупцияга каршы сүйлөшү аянтчасы түзүлдү 
  • Көмүр өнөр комплексинин өнүктүрүү боюнча долбоор стратегиясы түзүлдү. 
  • Аналитикалык маалыматтар, көмүр базар картасы, көмүр кен картасы жана көмүр сапатын жөнүндөгү маалыматтар даярдалып басылып чыкты.

Изилдөөнүн толук жыйынтыгы бул жерден тапса болот: http://energy.unison.kg/sites/default/files/an_report_ru.pdf

Электр бөлүштүрүү системасын баалоонун методологиясы боюнча изилдөө

Демилгечиси жана башкы аткаруучу: Юнисон Групп

Каржылык колдоо: Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) 

Баяндоо: Калкты сапатуу электр энергиясы менен камсыздоо, мамлекетин маанилүү аспектиси болуп саналат. Электр энергиясындагы термелүүлөр жашоо сапатына терс таасир этип, мүнкүнчүлүгү бар үйлөр жана ишканалар энергетикалык көз карандысыз булактардан кайрылып келишет, мисалы: дизелдик генераторуна. Ал эми мүнкүнчүлүгү жоктор энергия сапаты начар же жетишсиз алууга аргасыз. 

2013жылдын февраль-март айларынын ичинде Юнисон электрэнергия системасын баалоо жана бөлүштүрүү методологиясы боюнча Кыргызстандагы жарандык коом эксперттердин жумушчу тобу менен сандуу жана сапатуу жумушун аткарды.Бул материалдар Дүйнөлүк ресурстар институту (Вашингтон, АКШ) жана Прайяс Энержи Групп (Пуна, Индия) катышуусу менен бирге иштелип чыккан. Электр камсыз кылуу байланышкан проблемаларды жана кыйынчылыктарды түшүнүү менен жарандык коомдун, керектөө топторунун катышуусун күчөтүү жана аларды маалыматуулугун жогорулату максатында, ошондой эле мамлекеттик жана башка тиешелүү уюмдар керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуу.

Натыйжалары:

  • 2013ж. февраль-март айларында жалпы социологиялык изилдөө жүргүзүлдү.
  • Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 18 жаштан жогору 1800 респондент сурамжыланды 
  • Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 60 кызматкери жана ар кандай баскычтагы электр компаниялар сурамжыланды.
  • Изилдөө Кыргызстандын бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында өткөрүлдү
  • Өлкөнүн баардык облустарындагы шаарларында жана баардык региондорундагы айылдарында сурамжылоо өткорүлдөрү.
  • 4 толук изилдөө тобу түзүлдүү
  • Жыйынтыктар жана тыянактар боюнча «Кыргызстандагы Электр энергиясын бөлүштүрүү жана керектөө системасы: анализ жана башкарууну баалоо» китеби басылып чыктты

Изилдөөнүн толук жыйынтыгы бул жерден тапса болот: http://energy.unison.kg/sites/default/files/an_report_ru.pdf

Yшүбө, Кыргызстан!

Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу

Демилгечиси жана башкы аткаруучу: Юнисон Групп

Каржылык колдоо: (USAID) АКШ эл аралык өнүктүрүү агентствосу

Байандоо: Кыргыз Республикасында, өзгөчө чакан шаарларда? жылуулук жана акыркы керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын төмөн болуп жана ар кандай тоскоолдуктарга учуроодо. Жалпысынан турак-жай имараттар жана иш-кана имараттар курулуш жүргүзүү мезгилинде жана андан кийин коммуналдык кызмат көрсөтүү эффектисиз курулуп, материалдар, энергия сарамжалсыздык жана суу чарба ж.б. натыйжасыз пайдалануу сарптоо менен мүнөздөлөт.

Имараттарды көмүр менен камсыз кылуу төмөнкүчө:

  • Мектеп директору же мектеп завхоздору көмүр алууга арыз жазышат, бирок көмүрдүн маркасы же мештин түрүү эске алынбайт.
  • Сатып алуу жана көмүр менен камсыз кылуу айыл округундагы комиссиянына ркылуу жүргүзүлөт. Тендердик комисиянын өкүлдөрү болуп мугалимдер, доктурлар, айыл өкмөтүн кызматкерлери  же башка адамдар дайындалып, бирок өкүлдөрү көмүр жөнүндө эч кандай билимдери жок.
  • Көмүр алууга жалпы түрдөө тендер жарыяланып, ошол эле мезгилде мештин түрүн, жылытуу системасын эске алынбайт.
  • Тендерди бас эң ас көрсөткөн компания утуп алат.

Жалпысынан комиссиянын катышуусу менен жараксыз көмүр дайындалат. Мындай иш жүргүзүү жыл сайын баардык эле жерде кайталанууда. Ошондуктан айыл өкмөттөрүн,мектептерди, социалдык объектилерди туура маалымат менен камсыздоо керек.

Андан тышкары жылытуу системасына дагы тийиштүү факторлор:

  • мештер жана жылытуу системасы
  • адистер-кочегарлар

    Жыйынтыктар:

 

Долбоор жөнүндө тор баракчасында:

«Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо - потеницалын чыңдоо жана ар тармактуу өнүктүрүү»

 

Демилгечиси жана башкы аткаруучу:  «ЮНИСОН» коомдук фонду

Каржылоо колдосу: «Christian Aid» Уюмдун өкүлдүгү  ЦА «Act Сentral Asia»

Баяндоо: Электр кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө кардалдар менен берүүчүлөрдүн ортосундагы байланыш калктын маалымат жетишсиздигинен 2010 жылы өлкө боюнча жалпы калкта электроэнергия тарабына ишеним кетип, наразычылыкты пайда кылды. Ошого байланыштуу 2011 жылы Юнисон коомдук фонду электрэнергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук борборлордун механизмин сунуштап, кызыктар тараптар менен конструктивдү аянтчасын сунуштады.

ЭКУКБдун Иштөө ыкмалары:

  • Электроэнергиясын керектөөчүлөрдун укугун коргоо жана укуктук негизин пайдалануу билимин жана кондумдорун жогорулатуу боюнча кенеш жана экспертик жардам беруу;
  • Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар, КЭУ жана ЖОБ мекемелери менен биргелешкен эффективдүү иш-аракеттерди жургүзүү боюнча кызматташуу,  
  • Керектөөчүлөрдүн абалын жакшыртуу учун коомдук кабыл алуу жайларын жана борборлорун ачуу жана уюштуруу

​ЭКУК КБ тармагынын аймактарда борборлорун ачкандан баштап аткарган иштеринин жалпы сандык жыйынтыктары:

  • 10 000 ашык кенеш берилди,
  • 9 000 электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган учурлар каралып, күнөөсүз тараптардын пайдасына чечилди,
  • 8 760 685 сом ($168 474)  негизсиз актылар жана эсептөөлөр боюнча керектөөчүлөргө кайтарылып берилди
  • 600 ашык ар кыл  кызыкдар тараптар үчүн 7000 ашык керектөөчүлөрдүн  катышуусу менен жергиликтүү жана аймактык деңгээлде тегерек столдор жана семинарлар, маалыматтык жолугушуулар түрүндөгү иш-чаралар өткөрүлдү,
  • бир эле убакта өлкөбүз боюнча бардык ЭКУК КБ тармактары катышкан ЭКУКтун актуалдуу катары  тандалган“Укуктарды коргоонун дүйнөлүк күнү, Стандартташтыруу күнү, Социалдык адилеттүүлүк күну ж. б." сыяктуу темалары боюнча 10 жалпы улуттук акциялар өткөрүлдү
  • Энергетикадагы актуалдуу темалар боюнча региондук жана жергиликтүү деңгээлде  40 тан ашуун коомдук угуулар, тегерек столдор уюштурулду жана өткөрүлдү,
  • 220 дан ашык текшерүүчүлөр жана энергокомпаниялардын өкүлдөрү окутулду
  • 330 миңден  ашык ("Юнисон" КФ иштеп чыккан)  плакаттар, эстеткичтер, брошюралар, аналитикалык китепчелер, календарлар, үйлөр таратылды 
  • 20 000 ашык жарандар  ЭКУК КБ тармагынын иш-чараларына  катышты,

• Үч тараптуу кызматташуу боюнча 4 меморандумга кол коюлду:

  • Чүй облусундагы Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгү, "Түндүкэлектр" ААК, ЭКУК КБ
  • Ысык-Көл облустук администрациясы, "Чыгыш электр"ААК, ЭКУК КБ
  • Ош облустук администрациясы, ААК "Ощэлектро", ЭКУК КБ                                             
  • Жалалабад облустук администрациясы, "Жалалабадэлектро" ААК,  ЭКУК КБ
     

Тармактын эксперттеринин катышуусу менен энергетиканын актуалдуу маселелери боюнча 3 изилдөө жүргүзүлдү:

  • Электр энергиясына кошулуу боюнча изилдөө (жаны курулуштар үчүн)
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү көмүрдүн базарындагы ачык-айкындуулукту изилдөө жана бааларга мониторинг жүргүзүү, http://unison.kg/images/publication/dobro-uprav/ugol_anl.pdf
  • Электр энергиясынын сапатын изилдөө
     

КР энергосекторунда пайда болгон көйгөйлөргө байланыштуу, ЭКУК КБ тармагы жооптуу түзүмдөргө бир катар сунуштар менен кайрылды:
 

  • Тарифтик саясат боюнча (Май, 2014), По отключению 3-х фазных потребителей электроэнергии (Май, 2014),
  • 3-фазалуу электр энергиясын керектөөчүлөрдү өчүрүү боюнча (Май, 2014),
  • Калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча (Август, 2014),
  • Күзгү-кышкы мезгилге даярдануу боюнча (Август, 2014),
  • Ой-пикирлерди эсепке алуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча, (Ноябрь, 2014)
     

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагынын  адистерин 2014 жана 2015 жылы өткөрүлгөн “Ушубо Кыргызстан” аттуу 400 жана 500 айылды камтыган маалымат кампаниясынын коомдук лекцияларга  катышуу  фактысын өзүнчө бөлүү зарыл.

Башталгандан берки жыйынтыктар:

  • Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборлору Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Кант, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Токмок  шаарларында ачылды. 
  • Катышуучулардын жалпы саны 10 000ден ашык  500 маалыматтык жолугушуулар жана тренингдер өткөрүлдү
  • Актуалдуу энергетика маселелери боюнча 300 тегерек стол жолугушулары болду
  • Энергетика секторундагы 5 актуалдуу маселелер боюнча тармактын көз-карашы даярдалды
  • Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуу боюнча 3000 ден ашык кайрылуу каралды. 
  • Керектоочцлорго ар турдуу абаладары чечуу боюнча 7700ден ашык кенештер берилди
  • Керектоочулорго негизсиз чегерилген айыптар, туура эмес эсептелген карыздар жокко чыгарылып 8,5млн сом кайтарылды.
  • 300 жуз миң плакаттар, баракчалар, китепчелер, маалымат каттар, үй макетин таратылды.
  • үч тараптуу кызматташуу боюнча меморандумдар кол коюлду:

- «Северэлектро» ААК, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү, ЭКУКБ

-— Ысык-Көл облустук администрациясы, «Востокэлектро» ААК

-— Ош областук администрациясы, «Ошэлектро» ААК, ЭКУКБ

- Джалалабад областук администрациясы, «Жалалабадэлектро» ААК, ЭКУКБ

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана энергетика компанияларынын 200дөн ашуун кызматкерлери катышкан тренингдер откорулду
  • Маалымат каражаттарынын баардык региондорунун 25 окулу үчүн атайын  тренинг өткөрүлдү.
  • Маалымат каражаттарында 70тен ашуун ЭКУКБнун ишмердиги жөнүндөгү жазылды